Бишкектен жана Оштон Ташкентке түз аба каттамдары ачылды

  • 5 месяцев мурун

Бишкектен жана Оштон Ташкентке түз аба каттамдары ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын «Tez Jet» авиакомпаниясы «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунан Өзбекстанга туруктуу каттамдарды аткарууга уруксат алып, Бишкек жана Ош шаарларынан Өзбекстанга туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүдө.

Каттамдар RJ-85 жана MD-83 учактары менен Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча аткарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты