Бишкектен Нарынга түз аба каттамдары 4-сентябрда ачылат
- 10 месяцев мурун
2025-жылдын 4-сентябрынан тарта “Асман аба жолдору” мамлекеттик авиакомпаниясы Бишкектен Нарынга үзгүлтүксүз түз аба каттамдарын ачат.
Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан кабарлашты.
Учуулар заманбап жана ыңгайлуу учактарда ишке ашырылат деп айтылууда.
Бишкек — Нарын каттамы 40 мүнөт болуп, билет баасы 2 миң 100 сомдон. Азырынча жумасына бир рейс жасоо пландалууда.
Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен өткөргөн жыйында Нарынга Бишкектен аба каттамдарын сентябрда ачууну тапшырган.
“Нарын” аэропорту реконструкциядан кийин 9-августта биринчи техникалык учууну кабыл алган.
Бүгүнкү күндө аэропорт салмагы 22 тоннага чейинки учактарды, ошондой эле бардык типтеги тик учактарды кабыл алууга даяр.




