Бишкектен «Манас» аэропортуна атайын автобустар каттай баштайт

  • 2 года мурун

Бишкектен «Манас» аэропортуна атайын автобустар каттай баштайт. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысы Елена Калашникова 23-июнда маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, автобустар ушул айдын аягынан тартып ар бир жарым саат сайын жүрө баштайт.

Алдын ала маалыматка караганда, автобустарда жол киренин баасы 150 сом болот. Бул автобустарды аталган фонддун туунду компаниясы тейлеп, уюштурат.

Ушул тушта аэропортко шаардан барып-келген жолоочулар үчүн коомдук транспорт дээрлик жок, негизинен таксилер каттайт жана мындан улам сын-доомат айтылып келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты