Бишкектен Красноярск жана Иркутск шаарларына жаңы аба каттамы ачылды

  • 2 года мурун

Бишкектен Орусиянын Красноярск жана Иркутск шаарларына жаңы аба каттамы ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.

Красноярск-Бишкек-Красноярск багыты боюнча каттамдарды «Россия» авиакомпаниясы аткарат. Каттам жумасына 3 жолу – дүйшөмбү, шаршемби жана жекшемби күндөрү болот.

Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча каттамды «Урал аба жолдору» авиакомпаниясы аткарат. Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү аткарылат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты