Бишкектен автоунаа уурдаганга шектелген жаран кармалды

  • 2 года мурун

Бишкектен автоунаа уурдаганга шектелген жаран кармалды. Бул Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 12-август күнү Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын атайын тапшырмасынын негизинде, көрүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Ош ОИИБнын Экстремизмге мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында мыйзамга жат түрдө автоунаага ээлик кылган жаран кармалды.

12-августта Бишкек шаарынын 62 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал өзүнө таандык маркасы Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз атуулдар уурдап кеткенди жөнүндө арыз жазган.

Жогоруда айтылган маалымат боюча жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын жүрүшүндө Кара Суу районунун Нариман айыл аймагында төрөлгөн 25 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Ш. уулу Э. уурдалган авто унаа менен кармалды. Кармалган кылмышка шектүү Свердлов РИИБнин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты