Бишкектен 25 кичи автобус менен 521 жаран Баткенге кайтты

  • 2 года мурун

Бишкектен 25 кичи автобус менен 521 жаран Баткенге кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-сентябрда саат 13:40га карата Кааба уулу Кожокул атындагы спорт сарайынан Баткенге 25 кичи автобус менен 521 жаран жөнөп кетти. Учурда дагы жарандарды туруктуу үйлөрүнө жеткирүү уланууда. Унаа Бишкек шаардык мэриясынын транспорт департаменти тарабынан уюштурулуп, күйүүчү майды Өзгөчө кырдаалдар министрлиги камсыздап берүүдө. Ошондой эле министрликтин өкүлдөрү кичи автобус менен жарандарды жерине чейин коштоп барууда.

Баткенден эвакуацияланган жарандарды туруктуу үйлөрүнө жеткирүү ишинин бүгүн акыркы күнү. Аларды өз үйлөрүнө жеткирүү 27-28-29-сентябрга чейин жүргүзүлөрү каралган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты