Бишкектеги «Алькони» заводунда өрт чыкты
- 8 ай мурун
Бишкектин Туңгуч кичирайонунда жайгашкан “Алькони” заводунда 31-мартка караган түнү ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
ӨКМдин маалыматы боюнча, өрт түнкү саат 03:10 чамасында башталган. Жерине беш өрт өчүрүүчү бригада тартылып, өрт саат 05:55те чектөөгө алынган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Министрликтен белгилешкендей, ушул тапта өрттүн аянты болжол менен 3500-4000 чарчы метрди түзүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү