Бишкектеги жылынуу жана тамактануучу жайга 7 миңден ашык жаран кайрылды
- 2 года мурун
Бишкектеги жылынуу жана тамактануучу жайга 7 миңден ашык жаран кайрылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
12-январдан тарта Бишкекте ачылган жылынуу жана тамактануучу пункттарга 7 миң 534 жаран келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жылынуу пункттарында от жагып, ысык чай берүү менен күнү-түнү нөмөөттө туруп, шаар тургундарына кабыл алууда. Маалым болгондой өлкөдөгү аномалдуу суукка байланыштуу, республика боюнча жалпы 36 жылынуу жана тамактануучу пункттар уюштурулган. Анын 19у Бишкек шаарында жайгашкан.
Муну бөлүшүү