Бишкектеги жол тыгын маселесин чечүү үчүн айрым мектептерде сабакты саат 7де баштоо сунушталды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште депутат Русланбек Жакышев жол тыгынына байланыштуу маселе көтөрдү.

«Бишкек шаарынын мэри үч айда жол тыгын маселесин чечпесе кетет деп айттыныз эле. Үч ай эмес, алты ай болуп калды», — деп Жакышев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго кайрылды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул маселе боюнча мэр азыр өзүнүн сунуштарын бергенин айтты.

«Өзүңүздөр окусаңыздар керек, азыр күндүз жүк ташуучу автоунаалар киргизилбейт. Бул сунуштарды колдоп жатам. Айрым мектептерде сабак 7де башталат, кээ бир аябай көп адам иштеген мекеме-ишканалар саат 10:00дө ачылат. Азыр иш убактысын тактоого аракет кылып жатышат. Жол тыгын маселеси жакынкы үч жылда чечилет», — деди Акылбек Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты