Бишкектеги Жал кичи районунда аял киши өлтүрүлдү

  • 12 месяцев мурун

Бишкектеги Жал кичи районунда аял киши өлтүрүлдү. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

28-июль күнү саат 21:40 чамасында Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына “Жал” кичирайонунда “Тез жардам” келгенге чейин аял каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышкан. Маркумдун аты-жөнү такталган — ал 1983-жылы туулган Ш.М. Мындан тышкары анын денесинен ур-токмокко алынган жерлер табылган.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («адам өлтүрүү») боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда милиция кызматкерлери РИИБге 1991-жылы туулган Р.Э.ны алып келишкен. Тергөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты