Бишкектеги турак жайдан өрт чыкты
- 7 ай мурун
Бишкектеги турак жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2-майда түндө Свердлов районунун Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Саат 3:05те өрт өчүрүүчүлөр тартылган. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракети менен тилсиз жоо саат 4:15те чектөөгө алынды. Саат 6:41де толук өчүрүлгөн. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери жана материалдык чыгымдары такталууда.
Муну бөлүшүү