Бишкектеги түндүк айланма жолдун боюндагы объектилерди алуу уланууда
- 2 года мурун
Бишкектеги түндүк айланма жолдун боюндагы объектилерди алуу уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы Алма-Ата көчөсүнөн Курманалиев көчөсүнө чейинки түндүк айланма жолдун боюндагы уруксатсыз орнотулган курулуштарды демонтаждоодо. Жеңил объектилер, ошондой эле 40 бирдик капиталдык курулуш алынууда.
«Бул объектилер тиешелүү уруксат документтери жок жайгашып, жерди пайдалануу эрежелерин бузууда. Буга чейин объектилердин ээлерине өз ыктыяры менен түрттүрүү зарылдыгы тууралуу билдирүүлөр жөнөтүлгөн. Түндүк айланма жолду реконструкциялоо жана кеңейтүү алкагында иштер башталды.
Ошондой эле, муниципалдык инспекциянын, Свердлов жана Биринчи май райондук администрацияларынын кызматкерлери КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жана Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгына караштуу ЖККБнын өкүлдөрү менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, башаламан көмүр сатуу түйүндөрүн тазалоо уланууда.
Муниципалдык инспекция тарабынан тартип бузуучуларга карата «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине ылайык протоколдор түзүлөт», — деп жазылат.
Учурда 175 миң 500 сомго 13 протокол түзүлдү.
Шаардык кызматтар инвентаризация иштерин жүргүзүп, объекттерди уруксат кагаздарынын бар-жоктугун текшерет.




