Бишкектеги спорт мектептерине жаңы жетекчилер дайындалды

  • 1 год мурун

Бишкектеги спорт мектептерине жаңы жетекчилер дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бош кызмат орундарына өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы жана конкурстук комиссиянын чечими менен Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жетекчилер дайындалды.

— Аманкулов Кубанбек Качкынович — өспүрүмдөр спорт мектебинин директорунун шахмат боюнча орун басары болуп дайындалды;

— Чалов Базарбек Иткараевич — Бильярд жана велоспорт боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болду;

— Р.Санатбаев атындагы олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору болуп Жолчубеков Каныбек Байбекович дайындалды;

— Иван Викторович Сергиенко — теннис, паралимпиадалык жана спорттун күч түрлөрү боюнча спорт мектебинин директору болуп дайындалды;

— Күрөш өнөрү боюнча олимпиялык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин директору Абдурасулов Азамат Абдурасулович болду.

— Эсеналиев Куваныч Аманбаевич — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия, спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин алдындагы «Газпром балдар үчүн спорттук эс алуу комплекси» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты