Бишкектеги Новопавловка көрүстөнүнө мындан ары сөөк коюлбайт

  • 2 недели мурун

Ушул жылдын 5-сентябрынан тарта Бишкек шаарындагы «Ак-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан Новопавловка көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, көрүстөнгө сөөк коюу көмүлгөн жерди күтүүгө карата санитардык-экологиялык талаптардын сакталышын камсыз кылуу максатында токтотулган.

Бул чечим мыйзамда белгиленген тартипте Экология жана техникалык көзөмөл кызматынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун корутундуларынын негизинде кабыл алынганы айтылды.

«Маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлүшү мүмкүн»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты