Бишкектеги мончолордун биринен өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкектеги мончолордун биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда кечки саат 20:00 чамасында Салиев көчөсүндө мончо күйүп жатканы туурасында маалымат түшкөн. Өрт өчүрүүчү 4 бөлүк тилсиз жоону саат 21:10до чектөөгө алып, саат 23:18де толугу менен өчүрүшкөн. Өрттүн кесепетинен Свердлов районунун Салиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 320 чарчы метрди түзгөн ”Status” мончосунун чатыры жана буулануу бөлмөсүнүн жыгач жасалгалары күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты