Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты
- 1 год мурун
Бишкектеги мейманканалардын биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
26- сентябрда Бишкек шаарынын Ленин районунун Манас көчөсүндө жайгашкан мейманканадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 07:21де Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган. Буга кошумча саат 8:42де Октябрь райондук №5 ӨКБдан дагы 1 күжүрмөн эсеп тартылды.Тилсиз жоону өчүрүүнүн жүрүшүнөн кошумча ошумча маалымат берилет.
Муну бөлүшүү