Бишкектеги “Мадина” базары 1-августтан тарта реконструкцияланат

Бишкек шаарындагы “Мадина” базары 1-августтан тарта реконструкциялана баштайт, ал эми сатуучуларга жакын аймактардан жаңы соода орундары сунушталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, мэр Айбек Жунушалиев ал жердеги соода түйүндөрүнүн ээлери менен жолугуп, объекти жаңыланарын эске салганын билдирди.

Жолугушууда реконструкциялоо иштери шаардык чөйрөнү көрктөндүрүү жана инфраструктураны жакшыртуу максатында жүргүзүлөрү айтылды. Иш-чарага укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.

Мэрдин айтымында, жаңылоо иштеринин жүрүшүндө ишкерлердин укуктары эске алынат.

“Мадина” базары да бул иштерден четте калбайт. Борбор калаада  көрктөндүрүү иштерин күчөтүшүбүз керек. Ошол эле учурда ишкерлердин жана базарда эмгектенген жарандардын укуктары менен кызыкчылыктары эч кандай бузулбашы зарыл”, — деди Жунушалиев.

Жыйынтыгында тараптар бардык маселелерди биргелешип кароо үчүн атайын комиссия түзүү сунушун колдошту. Комиссияны мэрдин орун басары Атай Муратбеков жетектеп, анын курамына ишкерлердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирет.

Сүрөт: Бишкек шаарынын мэриясынын сайтынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты