Бишкектеги кырсык: Алиевге сөгүш берилди, айрым жетекчилер кызматтан алынды
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Бишкек шаарында Жаш Гвардия бульварында болгон муниципалдык автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарылып, кадрдык чечимдер кабыл алынды.
Мэр Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында өткөн кеңешмеде транспорт тармагындагы бир катар кемчиликтер аныкталганы белгиленди.
Жыйынтыгында мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш берилди.
Ошондой эле Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жана «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын директору Талантбек Капаров кызматынан бошотулду.
Мэр кырсыктын себептерин терең талдап, мындай учурлардын кайталанышына жол бербөө үчүн системалык кемчиликтерди жоюу зарылдыгын белгиледи.
Белгилей кетсек, 13-июлда автобус айдоочусу тогуз жаштагы баланы сүзүп, ал ооруканада каза болгон. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алынган.
Сүрөт: Интернет булактарынан




