Бишкектеги коомдук транспортту текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды

  • 2 года мурун

Бишкектеги коомдук транспортту текшерүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Рейддин жүрүшүндө пландалган чыгуу, кыймыл аралыгы жана коомдук транспорттун графиги, ошондой эле жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелеринин сакталышы текшерилди.

Рейдге Бишкек троллейбус башкармалыгына караштуу муниципалдык ишканалардын, Бишкек жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын, жүргүнчүлөрдү ташуу башкармалыгынын жетекчилери жана кызматкерлери жана 31 жеке жүк ташуучу мекеменин жетекчилери тартылган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында пландуу чыгуунун сакталбагандыгы, кыймылдын аралыгы аткарылбаганы аныкталып, күз-кыш мезгилине техникалык жактан даяр эместигинин фактылары да тастыкталды.

Тартип бузган айдоочуларга башкармалык тарабынан дисциплинардык чаралар көрүлүп, мыйзам бузууларды тез арада жоюу боюнча фирмаларга тиешелүү эскертүүлөр берилди. Ошондой эле жетекчилерге кыймылдуу составдын техникалык абалын жана айдоочулардын иш тартибин такай текшерип туруу тапшырылды.

Мындай текшерүүлөр коомдук транспорттордун үзгүлтүксүз ишин камсыз кылуу максатында суук мезгилде тез-тез жүргүзүлүп турат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты