Бишкектеги кичиавтобустарга GPS-трекерлерин орнотуу маселеси муниципалитетте талкууланды
- 2 года мурун
Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде Бишкек шаарынын коомдук транспортун тейлеген ташуучу ишканалардын жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө каттамга чыгууну көбөйтүү, кичиавтобустарга GPS-трекерлерди орнотуу жана айдоочулардын арасында маданиятты, этиканы сактоо маселелери талкууланды. Департаменттин директору Максат Нусувалиев борбор калаадагы транспорт системасын өркүндөтүү боюнча биргелешкен пландуу иштин маанилүүлүгүн белгилеп, жетекчилерге коомдук транспорт менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчиликти эскертти.
Кыска убакыттын ичинде унааларды жайгашкан жерин аныктоочу шаймандар менен жабдуу милдети жүктөлдү (GPS-трекерлер). Ташуучу ишканалардын кыймылдуу курамды чыгаруунун пландаштырылган көлөмүн мөөнөтүнөн мурда көбөйтүү жана иштеп жаткан кичиавтобустардын техникалык абалын такай көзөмөлдөө маселесин кароо сунушталды. GPS-трекерлерди ишке ашыруу боюнча ташуучу ишканалардын өкүлдөрү өздөрүнүн программалык платформаларынын базасында унааларга спутниктик мониторинг жүргүзүү программасын тааныштырышты. Платформа аркылуу коомдук транспортту реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө, жүргүнчүлөрдү коомдук жүргүнчү транспортунун жайгашкан жери жана кыймылы жөнүндө кабардар кылууга болот.Эскерте кетсек, шаардыктарга ыңгайлуу болушу үчүн троллейбустар менен автобустардын кыймылын «Менин шаарым» тиркемесинен байкоого болот.Бул колдонмодо муниципалдык транспорттун каттамдары жана акыркы аялдамалары көрсөтүлгөн. Учурда бул тиркеме аркылуу троллейбус жана автобус кайда экенин көрүүгө болот.