Бишкектеги катуу шамалда бактар турак үйлөргө, унааларга кулаган

Кечээ, 9-августта, Бишкек шаарында катуу шамал болгон.

Катуу шамал Бишкекте көп кабаттуу 4 турак үйдүн чатырын учурган. Жалпысынан 30 бак кулаган. 4 унаа жабыркап, ошондой эле турак жайдын, чайкананын чатырын учурган. Адам өмүрүнө коркунуч жараткан эмес жана жабыркагандар жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Бишкек жана Чүй облусунун аймагында катуу шамал боло тургандыгы тууралуу шашылыш билдирүү тараткан. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык 2024-жылдын 9-августунда саат 17:49дан 19:00гө (1 саат 11 мүнөт ичинде) чейин Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Бишкек шаарында түштүктөн соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 26 метрге чейин жеткен.

Учурда ӨКМ Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жана Жарандык коргонуу кызматтары тактоо иштерин жүргүзүүдө. Ал эми кулаган бак-дарактар Бишкек жашылдандыруу кызматы тарабынан тазаланууда.

Бишкектеги катуу шамалда бактар турак үйлөргө, унааларга кулаган
Бишкектеги катуу шамалда бактар турак үйлөргө, унааларга кулаган
Бишкектеги катуу шамалда бактар турак үйлөргө, унааларга кулаган
Бишкектеги катуу шамалда бактар турак үйлөргө, унааларга кулаган

Сүрөттөр: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты