Бишкектеги катуу шамал төрөт үйүнүн чатырын учуруп кетти

  • 2 года мурун

Бишкектеги катуу шамал Үсөнбаев көчөсүндө жайгашкан №1 төрөт үйүнүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматка караганда, шамал медициналык мекеменин чатырынын бир бурчун учуруп кеткен. Кырсык болгон жерге беш куткаруучу чыгып кетти. ӨКМ бул боюнча кошумча маалымат берилерин билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты