Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыкты
- 9 месяцев мурун
Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкек шаарындагы кафеден чыккан өрт саат 08:54тө толук өчүрүлдү.
Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май районуна караштуу Абдумомунов көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы ӨКМден 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Өрттөн жабыркагандар жок.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Иллюстрациялык сүрөт
Муну бөлүшүү