Бишкектеги кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

  • 1 год мурун

Бишкектеги кафеден чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

25-июлдун таңында Бишкектин Свердлов районунун Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен таңкы саат 4:44тө чектөөгө алынып, 5:06да толугу менен өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен 200 чарчы метр ашканасы күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты