Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү

  • 2 недели мурун

Бишкектеги көп кабаттуу турак үйдөн чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 11-январга караган түнү Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы Исанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн электр калканынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 

Өрттү өчүрүүгө саат 03:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 03:35те Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, саат 03:36да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 автошаты, саат 03:46да Биринчи Май райондук №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты, саат 03:56да Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп,  саат 05:30да кошумча дагы Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 күжүрмөн, 1 автошаты жалпы 5 бөлүм, 3 автошаты жана штаб тартылып, өрт саат 05:54тө чектөөгө алынган. Мындан тышкары Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу бирге иш алып барды. Өрт саат 08:42де толук өчүрүлдү.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 500 чарчы метрди түздү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты