Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн куткаруучулар 3 жаштагы баланы куткарышты
- 9 месяцев мурун
Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттөн куткаруучулар 3 жаштагы баланы куткарышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Бишкектин Свердлов районуна караштуу Аламүдүн-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн 8-кабатындагы батиринен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Жалпысынан өрттү өчүрүүгө 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо кучагына алган аянт 45 чарчы метрди түздү. Өрт өчүрүүчү, куткаруучулар өрт чыккан батирдин ичинен 3 жаш баланы аман-эсен куткарып, 11 адамды эвакуациялашкан.
Муну бөлүшүү