Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды

  • 2 года мурун

Бишкектеги көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Элебаев жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулушу толук бүтө элек көп кабаттуу үйдүн чатырынан чыккан өрт саат 14:55де чектөөгө алынды. Учурда тилсиз жоону толук өчүрүү иши жүрүүдө. Өрттү өчүрүүгө саат 12:25тен тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрткө каршы куткаруу бөлүктөрүнөн жалпы 6 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа, куткаруу кызматынан 5 куткаруучу эшикти ачуу үчүн тартылган.

Ошондой эле ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан ыкчам топ жана Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Алдын ала мааалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат бериле турганы кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты