Бишкектеги эски прокуратуранын имараты бузулат. Германиядан 3 долбоор сунушталды

  • 2 года мурун

Бишкектеги эски прокуратуранын имараты бузулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык муниципалитет борбор калаанын тышкы көрүнүшүн, инфраструктурасын өнүктүрүүнү улантууда.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров өрттөлүп кеткен имараттын ордуна жаңы заманбап имарат куруу зарылдыгын, ошондой эле көп жылдан бери бузулбай же курулуп бүтө элек имараттарды иретке келтирүү керектигин белгиледи. Учурда Бишкек шаарынын мэриясына Германиядан жасалган 3 долбоор сунушталды. Долбоор боюнча жаңы заманбап, сапаттуу материалдардан курула турган имарат 7 кабаттан турат. Шаардагы салынган стандарттуу имараттардан өзгөчөлөнүп даярдалган.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясы Киев көчөсүндө жайгашкан башкы прокуратуранын өрттөлүп кеткен имаратын бузууга тендер жарыялаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты