Бишкектеги эки түнкү клубдан баңгизаттар табылды

  • 10 месяцев мурун

Бишкек ШИИББ тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө баңгизаттар жана аларды колдонууга ылайыкташтырылган буюмдар табылып, алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Акыркы убакта шаар тургундарынан жана жакын жайгашкан үйлөрдүн тургундарынан А.Токомбаев (Асанбай борбору) көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда баңги каражаттар, анын ичинде коркунучтуу күчтүү таасир этүүчү синтетикалык каражаттар таратылып жаткандыгы, алардын колдонулушуна жашы жете элек балдар көбүрөөк тартылып жаткандыгы жөнүндө көптөгөн даттануулар келип түшкөн. Мындан тышкары жогоруда аталган мекемелерге келгендер алкоголдук жана наркотикалык, мас абалында коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум ченемдерин бузуп, мыйзамсыз аракеттерди жасашат.

Баяндалган маалыматтарды текшерүү максатында Ички иштер органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесине (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) ылайык козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө-оперативдүү иш-чаралардын комплекси ишке ашырылган.

22-сентябрда соттун токтомунун негизинде Бишкек шаарынын Тергөө кызматы А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан түнкү клубдарда кызматтык издөө иттерин колдонуп тинтүү жүргүзгөн.

Тинтүү иштеринин натыйжасында аталган фактылар тастыкталып, эки мекемеден (жашыруун жерлерден) баңги заттар жана аларды колдонууга ыңгайлашкан буюмдар табылып алынган.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында бардык тиешелүү адамдарды ашкерелөөгө багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты