Бишкектеги «Дордой» базарынын аймагындагы коомдук транспорттор көзөмөлдөндү

  • 10 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Дордой базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

“Дордой” базарынын аймагындагы коомдук транспорттун акыркы пункттарында Транспорт департаментинин мониторинг жана текшерүү бөлүмдөрү тарабынан «ДордойТранс» ЖЧКсы №252 жана №226, «ТрансКомЮнити» ЖЧКсы №230, «Советбригады» №203 жана «ДордойБис» №234-маршруттук каттамдардын тарифтери боюнча каттамдардын пландуу аткарылышын көзөмөлдөө жана уруксатсыз көбөйтүүгө жол бербөө максатында рейд жүргүзүлдү.

Мониторингдин жүрүшүндө аталган маршруттук линиялар белгиленген кыймыл интервалдарына жана пландалган чыгууларга туура келбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары, №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген шаардык тарифин өзүм билемдик менен жогорулаткан.

Жыйынтыгында жүк ташуучу компанияларга мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Кошумчалай кетсек, аталган каттамдарды тейлөө боюнча келишим «ДордойТранс» жана «ТрансКомЮнити» компаниялары менен бузулуп, эми бул каттамдарды Транспорт департаментине караштуу «БЭК» МИ өзүнүн кыймылдуу курамы менен тейлейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты