Бишкектеги бир нече кафе той-аштарды өткөрүүдөн баш тартты
- 1 год мурун
Бишкектеги бир нече кафе ашыкча ысырапкерчилик менен коштолгон үй-бүлөлүк мааракелерди жана куран окутууларды өткөрүүдөн баш тартты. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы билдирди.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов райондук акимчилиги район аймагында жайгашкан «Жибек-Жолу», «Фаризат», «Мансур» кафелеринин, «Гранат» чайканасынын, «Ават» банкет залынын жана башка ири кафелердин өкүлдөрү менен түшүнүү келишимине кол койду.
Анда ысырапкорчулук жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды, диний жөрөлгөлөрдү, курман болгондордун жаркын элесине арналган эскерүү ырым-жырымдарын өткөрүүнү пландаган жарандарга кызмат көрсөтпөө талаптары камтылган.
Маалыматта акимчилик тарабынан жүргүзүлгөн бул иштер президенттин «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана сөөк коюу каада-салттарын жөнгө салуу чаралары жөнүндө» жарлыгын ишке ашырууга багытталганы айтылат.
2022-жылдын февраль айында президенттин “Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгы чыккан. Бул жарлыкка түшүндүрмөсүндө мамлекет башчысы Садыр Жапаров “Кыргызстандыктардын баарына: колунда бары, колунда жогуна карабастан, өлүм чыккан жерде мал союуга тыюу салынат. Баарыбыз бай-кедей дебей, бирдей эрежеге өтөлү. Ал эми бул жарлыктын аткарылышын көзөмөлгө алууну жергиликтүү бийликтегилерден баштап Ак үйдөгүлөргө чейин тапшырам” деп белгилеген.