Бишкектеги Батыш автобекетинде ири өрт чыкты (видео)

  • 2 года мурун

Бишкек шаарындагы Батыш автобекетинде ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 4 күжүрмөн эсеп, штаб жана ИИМден 1 экипаж, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан 1 кызматкер тартылды.

Тилсиз жоо саат 5:56да чектөөгө алынып, саат 8:54тө толугу менен өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар болгон жок.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептерин жана материалдык чыгымдары такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты