Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды
- 2 года мурун
Бишкектеги батирлердин биринен эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Куткаруучулар Чүй проспектисинде жайгашкан №34 үйдүн 28-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1951-жылы туулган О.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылды. Маркумдун жансыз денесин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришти. Эшик ачууга Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылды.
Муну бөлүшүү