Бишкектеги аялдамаларда коомдук транспорттун келүү убактысын көрсөткөн QR–коддор орнотулууда

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарындагы аялдамаларда коомдук транспорттун келүү аралыгы жана болжолдуу убактысы тууралуу маалымат берген QR–коддор жайгаштырылууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Муниципалитеттен кабарлашкандай, аялдамада жайгаштырылган QR-кодду смартфондун камерасы же «Менин шаарым» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерлөөгө болот.

Мындан тышкары, «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинин колдонуучулары эми борбор калаадагы автобустардын жана троллейбустардын иштөө убактысын көрө алышат, бул үчүн Google Play же App Store тиркемелерин жүктөө же жаңылоо зарыл.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты