Бишкектеги Ауэзов көчөсүндөгү жаңыланган көпүрө ачылды

  • 6 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин торагасы Бекжан Үсөналиев Ауэзов көчөсүндөгү реконструкцияланган көпүрөнү пайдаланууга ачышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, толук реконструкция жүргүзүлүп, көпүрө кеңейтилди: жалпы туурасы 24 метр, узундугу 70 метр болду. Төрт айдоочу тилке, ар эки тарабында 3 метрден тротуар, эки катмар асфальт жана 12 жаңы чырак орнотулду.

Курулуш иштери июлда башталып, белгиленген мөөнөттөн 30 күн эрте бүткөрүлдү. 2026-жылы көпүрөнүн алдындагы каналдын бетон иштерин бекемдөө пландаштырылууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты