Бишкектеги арыктарга таштанды таштагандар айыпка жыгылат

  • 1 год мурун

Бишкектеги арыктарга таштанды таштагандар айыпка жыгылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаздын келиши менен Бишкекте жайга даярдык иштери күчөтүлдү. Учурда ирригациялардын абалын муниципалдык инспекция текшерүүдө. Жарандар, ишканалар, чарбалык субъекттер жана турак жай ээлери суу түтүктөрүн үзгүлтүксүз тазалап, таза абалда кармап туруулары керек. Бир жума ичинде инспекторлор тарабынан 175 чарба субъекттилерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ал эми шаар тургуну Баймаханов М.К. таштандыга толуп калган арыкты бетон менен жаап койгон. Жеринде инспекторлор тарабынан «Бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренеси боюнча протокол түзүлүп, 3000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Муниципалдык инспекция көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары катталган учурда менчигинин түрүнө карабастан, протоколдор түзүлөрүн эскертет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты