Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында жол 24-майга чейин жабылды

  • 2 года мурун

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында жол 24-майга чейин жабылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Ала-Тоо» аянтында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Оңдоп-түзөө иштери 15-майда башталды.  Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө өтүүчү жол жабык болот.

Мэрия шаар тургандарын маршруттук чийиндерди алдын ала пландап жүрүүгө жана түшүнүү менен мамиле кылууга чакырат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты