Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды

  • 2 года мурун

Бишкектеги Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ак-Ордо жаңы конушунда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун катышуусунда жаңы мектептин ачылышы өткөрүлдү.

Үч кабаттуу имарат 750 окуучуга ылайыкталган. Мектептин жалпы аянты 5766 чарчы метрди, жердин аянты 2,4 гектар жерди түзөт. Окуу имараты негизги жана көмөкчү жайлардын бардык комплектилери менен долбоорлонгон: класстар, ашкана, актовый зал, жуунучу бөлмөлөр, спорт залы.

Мектепти «Фиеста Трейд Ком» ЖЧКсы подряддык уюму курду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты