Бишкектеги Абдрахманов—Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквер пайда болот

  • 10 месяцев мурун

Бишкекте тротуарларды капиталдык оңдоо иштери уланууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Чыңгыз Байысов Бөкөнбаев көчөсүн бойлой жөө текшерүү иштерин жүргүздү.

«Манас проспектисинен Коенкөзов көчөсүнүн түштүк тарабында бир нече тиешелүү объекттер демонтаждалат: кире бериш топтору, тосмо жана ал тургай туруктуу курулуш.

Белгилей кетсек, буга чейин муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объектилерден жана уруксатсыз курулуштардан бошотуу боюнча билдирүүлөр  берилген.

Бөкөнбаев №162 дарегиндеги темир тосмо текшерүүдөн кийин демонтаждалганын белгилейбиз.

Андан ары Киев жана Ж.Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги коомдук жайдын курулушунун жүрүшү менен тааныштык, учурда аймак пландалып, жол  менен аянтчалардын негизин даярдоо иштери жүрүп жатат», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты