Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүнүн бир бөлүгү 10-майга чейин жабылат

  • 1 год мурун

29-апрелден 10-майга чейин Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүнүн Майрам көчөсүнөн Шабдан баатыр көчөсүнө чейинки Аламүдүн дарыясынын жээгиндеги бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган тилке магистралдык канализация тармактарынын курулушуна байланыштуу жабылууда. Автомобиль айдоочулар жолдун тилкелеринин бири менен айдай алышат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, шаардыктарды каттамдарын алдын ала пландап алууга чакырды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты