Бишкектеги №98 мектептин жанында жаңы жол пайда болот

  • 9 месяцев мурун

Бишкектин Алтын-Ордо көчөсү 14 дарегинде жайгашкан №98 орто мектептин жанында жаңы жол пайда болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Топуракты иштетүү, ирригациялык системаны жана жол бордюрларын орнотуу иштери жүрүп жатат.

Тактап айтканда, капиталдык оңдоо иштери Алтын-Ордо 9 көчөсүнөн Алтын-ордо 1 көчөсүнө чейин жүргүзүлүп, узундугу 700 погон метрди түзөт.

Белгилей кетсек, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын бригадасы топурак иштетүү иштерин аяктап, учурда бордюрларды орнотуу иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты