Бишкектеги №47 колониясынан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Бишкектеги №47 колониясынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрт боюнча маалымат 10-майга караган түнү түшкөн. Саат 00:08де окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү бригада жана бир суу ташуучу жөнөтүлгөн. Саат 01:08де өрт чектөөгө алынып, саат 03:39да толугу менен өчүрүлгөн.

Мекеменин ичинде 200 чарчы метр  темир устундуу шифер менен  жабылган эки  кабаттуу имараттын чатыры жана 3 бөлмөсү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты