Бишкектеги №4 мектеп-гимназиясына бомба коюлганы кабарланды

  • 1 год мурун

Бишкектеги №4 мектеп-гимназиясына бомба коюлганы кабарланды. Бул тууралуу Бишкектин Свердлов РИИБинен билдиришти.

Бүгүн, 2-майда саат 11:00дөр чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 102 кызматына №4 мектеп-гимназиясынын аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн.

Свердлов РИИБинин ыкчам-тергөө тобу мектеп окуучуларын жана мугалимдерди толугу менен эвакуациялап, имаратты курчоого алган. Учурда мектепте Ички иштер министрлигинин кинологдору иштеп жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты