Бишкектеги №33 гимназиянын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү
- 1 год мурун
Бишкектеги №33 гимназиянын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түштү. Бул тууралуу «ПолитКлиника» медиасына Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Бүгүн, саат 09:50 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын 102 кызматына №33 мектеп-гимназиясынын имаратына бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барып, ал жерге жеткенде мектептин аймагы дароо милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Окуучулар жана мектеп кызматкерлери эвакуацияланды. Учурда жеринде Ички иштер министрлигинин кинологдору иштеп жатат.
Муну бөлүшүү