Бишкектеги №16 атайын логопеддик бала бакчасы реконструкциядан кийин ачылды

  • 1 год мурун

Бишкектеги №16 атайын логопеддик бала бакчасы реконструкциядан кийин ачылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров катышты. Бала бакчада тышкы инженердик тармактарды куруу жана ички жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Имараттын фасады, полдору жана шыптары жаңыланып, жылытуу жана электр менен камсыздоо системалары толугу менен алмаштырылып, сантехника иштери бүтүрүлдү.

«Капиталдык оңдоо иштерин подряддык уюм «Максат Инжиниринг» ЖЧКсы жүргүзгөн. Атайын бала бакча 150 орундуу – 6 тайпага ылайыкталган, жер тилкесинин жалпы аянты 4713,75 чарчы метрди, имаратынын аянты 1065 чарчы метрди түзөт», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, имарат билим берүү башкармалыгынын балансына өткөрүлгөн. Буга чейин имаратта Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борбору жайгашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты