Бишкекте жылуулук менен камсыздоо объекттери текшерилүүдө

  • 6 месяцев мурун

Мэр Бишкек шаарындагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин ишин текшерди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ошентип, мэр ЖЭБтеги штаттан тышкаркы кырдаалдан улам жылуулук энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган «Электр станциялары» ААКнын – «Бишкектеплосеть» насостук станциясын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, учурда «Электр станциялары» ААКсы — «Бишкектеплосеть» шаардын 66 пайыз ЖЭБ аркылуу камсыздаса, шаардын калган бөлүгүн (34 пайыз) муниципалитетке караштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт.

Борбор калаа башчысы тиешелүү кызматтарга «Электр станциялары» ААК — «Бишкектеплосеть» жаңы отканаларына жер тилкесин бөлүп берүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Андан ары Айбек Жунушалиев №2 клиникалык ооруканага текшерүү жасап, медициналык мекеменин ар бир бөлмөсүнүн температуралык шарттары менен таанышты.

Маалым болгондой, учурда клиникалык оорукананын жалпы бөлүмдөрүндө температура +20-22°С сакталууда.

Шаар башчысы социалдык объектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо муниципалитеттин биринчи кезектеги милдети экенин белгиледи.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты