Бишкекте Zhongtong 6105 үлгүсүндөгү автобустар каттамга чыгарылат

  • 1 год мурун

Бишкекте Zhongtong 6105 үлгүсүндөгү автобустар каттамга чыгарылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти «Zhongtong Bus Holding Co Ltd» компаниясынан «Zhongtong 6105″маркасындагы 120 жаңы автобусту сатып алган.

Транспорт департаменти шаардын борборунда айланма каттамдарды жана оң экологиялык системаны түзүүнү эске алуу менен борбордук көчөлөрдү бошотуу үчүн кичиавтобустук каттамдардын кыймыл чиймелер долбоорлорун даярдады. Учурда эки айланма автобус каттамы иштеп жатат. “

Аламүдүн, Ош базарларын, Батыш жана Чыгыш автобекеттерин кыдырып эл ташыган №35 жана №48 автобустарга 28 унаа бөлүнөт. Бул каттамдар №113 жана №114 каттамындагы жалпысы 84 кичиавтобусту алмаштырат. №38 жана №42 автобустук каттамдарга ар бирине 19дан автобус бөлүнөт. Алардын баары күн сайын каттамга чыгышат. №7 автобустук каттамга 20 автобус берилет. Бул каттамдардагы автобустардын жүрүү интервалы 7 мүнөттөн.

Шаардык транспорт департаменти тарабынан ошондой эле автобус каттамдарынын жаңы кыймыл чиймелери иштелип чыкты. Алар: №31 автобустук каттамга (Ынтымак жаңы конушунда — айланма) 24 унаа берилет. Бул №101 кичиавтобустук каттамдагы 72 кичиавтобусту алмаштыра алат.

№49 автобустук каттамга (Арча — Бешик ж/к – айланма) 11 автобус бөлүнөт. 33 кичиавтобусту алмаштырат.

№50 автобустук каттамга (Рухий – Мурас ж/к- Жилгородок) 19 автобус иштейт, 66 кичиавтобусту алмаштырат.

№19 автобустук каттамда (Ак-Ордо ж/к – Кустанай көч.) күн сайын 17 автобус иштейт. 51 кичиавтобусту алмаштырат.

Жаңы каттамдардагы жалпы 54 автобус шаардын борбордук көчөлөрү аркылуу жүрүп, 162 кичиавтобустарды алмаштырат. Бул шаардын экологиясына атмосферага зыяндуу чыгындылар боюнча олуттуу таасирин тийгизет.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты