Бишкекте “Жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун 3-фазасын ишке ашыруу маселеси талкууланды

  • 2 года мурун

Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” (3 фаза) долбоору боюнча кытайлык компаниянын эксперттик тобу менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Катышуучулар Бишкек шаарындагы транспорт түйүндөрүн, өтмөктөрдү жана көпүрөлөрдү куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин талкуулашты. Бишкектин көпчүлүк жолдору өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө жетип, ашыкча жүктөө режиминде иштеп жатат. Жол тармагын өнүктүрүү боюнча программаларды жана негиздемелерди иштеп чыгууда учурдагы жолдорду модернизациялоо жана жаңы жолдорду куруу боюнча иш-чараларды деталдуу пландаштыруу маанилүү милдет болуп саналат. Натыйжада оңдоого, реконструкциялоого жана жаңыдан курулууга тийиш болгон объекттердин титулдук тизмелери түзүлүүгө тийиш.

Эске салсак, «Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү» долбоору 1-фаза жана 2-фаза ийгиликтүү аяктаган. Ишти подрядчы – “China Road and Bridge Corporation” компаниясы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзгөн. Узундугу 164,3 километр болгон 109 жол, 11 көпүрө, 1 өтмөк курулган. 23 көчөдө жолду реконструкциялоонун жаңы технологиясы колдонулган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты