Бишкекте жол кырсыгынан тогуз адам жабыркады. Арасында үч жаш бала бар

  • 2 года мурун

Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, тогуз адам жабыркады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-январь түнкү саат 23:00 чамасында «Субару-Форостер» унаасы менен «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа Манас проспектиси менен Москва көчөсүнүн кесилишинде сүзүшүп, анын кесепетинен тогуз адам жабыркаган. Алардын арасында 1 жаштагы наристе, 3 жашар бала жана 11 жаштагы өспүрүм бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты