Бишкекте жол кырсыгына кабылган №48 автобустун айдоочусу иштен четтетилди

  • 8 месяцев мурун

Бишкекте жол кырсыгына кабылган №48 автобустун айдоочусу иштен четтетилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрда саат 14:00дө Жибек-Жолу проспектисинде жол кырсыгы катталып, №48 автобустун айдоочусу рулду башкара албай калып, даракты сүзгөн. Андан тогуз адам жабыркап, бардыгы амбулатордук шартта дарыланууда. Автобустун айдоочусу өзү да жаракат алган.

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, учурда ишкананын айдоочусу жумуштан четтетилген. Ошондой эле, К.К. кырсыктын кесепетинен келтирилген зыяндын ордун толтурат, тактап айтканда, экспертизадан өткөндөн кийин унааны калыбына келтирүүдөгү, акыркы чыккан сумманы төлөйт. Мындан сырткары ишкананын бардык айдоочуларына жол эрежесин так сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Айта кетсек, жаңы автобустардын келиши жана айдоочулардын айлык акысынын жогорулашы менен аларга болгон суроо-талап бир топ жогорулады», — деп жазылат маалыматта.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты